Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарындын айылдарын суу менен камсыздоого кредиттик макулдашуу колдоо тапты

26.05.2020 12:28
1007
Нарындын айылдарын суу менен камсыздоого кредиттик макулдашуу колдоо тапты

 

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.


Жыйында мыйзам долбоору боюнча өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасап, долбоор Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасына максатталганын билдирди. 


Макулдашууларга ылайык, бул программаны ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы баасы 32,9 млн АКШ доллары берилет. Анын ичинен:

Азия өнүктүрүү банкынын Атайын фондусунун гранты - 13,7 млн АКШ доллар;

Азия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген кредити  - 13,7 млн АКШ доллар;

КР өкмөтүнүн кош каржылоосу - 5,5 млн АКШ доллар.


Азия өнүктүрүү банкынын финансылык насыянын шарттары: насыя 32 жылга, 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 1%, жана кийинки ар бир жылга 1,5% аркылуу сунушталат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн