Нарын облусундагы медициналык мекемелер күзүндө болот деп болжолдонуп жаткан коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даяр. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева 12-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусунда 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери даярдалууда.
"Жугуштуу ооруга байланыштуу тармактын бюджеттен каржыланган мекемелеринин кыш мезгилине электр энергиясы, көмүр отуну менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Көмүр отунун тартып жеткирүү иштерин 2020-жылдын 1-октябрына чейин бүткөрүү жагы пландалууда”, - деди Жаркын Ибраева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн