Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нарынга кирүүдө ПЧР-анализи талап кылынабы? Облус башчынын жообу

17.07.2020 15:30
1122
Нарынга кирүүдө ПЧР-анализи талап кылынабы? Облус башчынын жообу


Нарын облусуна жана шаарына кирүүдө ПЧР-анализи талап кылынабы жана жайлоолорго барууга тыюу салынганбы? Бул суроого өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жооп берди. 


Анын айтымында, Нарын облусунда 3 облустук пост иштеп жатат. 


"Посттон өтүп жатканда жарандардан ПЧР-анализдин жыйынтыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Болгону ар бир жарандын дене табы текшерилет. Ал эми жайлоолорго барууга эч кандай тыюу салынган жок. Тескерисинче, биз шаарда коомдук жайларга көп барбастан, мүмкүнчүлүк болсо жайлоого барып эс алууларын сунуштап жатабыз”, - деди өкүл Эмилбек Алымкулов. 


Анын айтымында, шаардан же башка аймактан каза болгон бейтапты алып келе жаткан учурда посттон алардын кайсы аймакка бара жаткандыгы тууралуу маалыматтар каттоого алынат жана ошол аймактын жетекчилигине маалымдалат. Алар өздөрү тосуп алып, андан наркы иш-чараларын өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүшөт. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн