Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Наристенин башын кескен өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова эркиндикке чыкканы жатат

11.03.2021 13:21
932
Наристенин башын кескен өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова эркиндикке чыкканы жатат


Эсиңиздерде болсо керек, мындан беш жылча илгери Москва шаарында жүрөк титиреткен окуя болгону. Өзбекстандан Россиянын Москва шаарына жумуш издеп келген Г. Бобокулова аттуу айым бала багуучу болуп иштеп жатып, төрт жаштагы өзү карап жаткан майып кыздын башын кесип алып, «Октябрьское поле» аттуу метродо жүргөн жеринен кармалган. Ал майып кыздын ашын кесип, ага кошумча квартираны да өрттөп салган. Анан такси чакырып, аны менен жогоруда аты аталган метрого барган. Ошентип ал бир эле учурда жаш наристени өлтүрүп, батирди өрттөп, анан дагы жардыруу боло турганы тууралуу жалган маалымат айткан.


Эми ошол айым эркиндикке чыгышы мүмкүн болуп жатканын 360tv.ru маалымат каражаты билдирип чыкты.


«Московский комсомолецтин» маалыматы боюнча мурдагы бала багуучу Казандагы атайын психиатриялык ооруканада. Анын атасы кайтыш болгон, улуу баласы акча табуу үчүн чет мамлекетке кеткен, ал эми кичүүсү Гүлчехранын апасы менен чогуу турат экен.


Кыязы, Бобокулова эркиндикке чыгарылары менен Өзбекстанга депортацияланат. Бирок, бул жерде бир нече маселелер бар экенин Москва ОНКсынын жооптуу катчысы, Эл аралык укук коргоо Комитетинин Россиялык бөлүмүнүн вице-президенти Иван Мельников «360ка» курган маегинде билдирген. 


«Депортация үчүн бардык себептер бар. Нормативдик базага ылайык, Бобокулова психоневрологиялык диспансерге катталат, андан кийин теоритикалык жактан көп функционалдуу миграциялык борборго жөнөтүлөт, ал жактан ал Өзбекстанга чыгарылышы керек», - дейт эксперт.


Бирок, бул борбордо жарандар бир нече жылдап отуруп калышы да мүмкүн. Себептери түрдүү. Кандайдыр бир документтерди күтүшөт. Мыйзам боюнча, эгерде адам борбордо эки жылдан ашык отуруп калса, аны жөн гана чыгарып жибере алышат.


«Адамдар оор кылмыштарды кандайдыр бир басым, тышкы факторлордун таасир астында жасашат. Мисалы, Хачатуряндын кыз бир туугандарынын бирөөсү узакка созулган зордук-зомбулуктан улам акылынан азган. Бобокуловдун шартында кырдаал башкача – адам жалпысынан коом үчүн өтө коркунучтууболушу мүмкүн», - дейт Иван Мельников.


Анын айтымында наристени өлтүргөн аялды бошотуунун алдында, бир нече жолу медициналык комиссиядан өткөрүлүшү керек. Себеби, мындай кырдаалда жаъылуунун баасы өтө жогору болуп калышы мүмкүн. Өтө катаал көзөмөл керек, балким GPS-трекер же башка артынан түшкөн жабдуу аркылуу.


Ал эми адвокат Игорь Ким «360ка» Бобокулова мажбурлаган психиатриялык дарылоодон кийин депортацияланышы керек. Себеби, ал башка өлкөнүн жараны, ага байланыштуу Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамы бузулган.


«Адам өлтүргүч кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти дегенге болбойт. Бобокулова бир катар кылмыштарды жасаган: жаш наристени өлтүргөн, квартираны өрттөгөн жана жарылуу тууралуу жалган маалымат берген. Аял мажбурлаган дарылоого жөнөтүлгөн, ал кадимкидей оорукана эмес, ал түрмө, болгону белгилүү процедуралары менен», - дейт юрист.


Бобокулова бул кылмыштарды жасап кармалгандан кийин өзүнүн аракетин түрдүүчө түшүндүргөн. Мисалы, демократияны жек көрөрүн, Владимир Путинден өч алганын жана алтургай Аллахтын буйругу деп да айткан. Анан акыры ал психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Беш жыл ичинде оорулууда байкаларлык прогресс болгон, ошондон улам аны эркиндикке чыгаруу маселеси каралып жатса керек.


Көрсө, Г. Бобокулова мурда да психикалык жактан жабыркап келген экен. Самарканд облустук психоневрологиялык диспансер россиялык басылмалардын бирине Г. Бобокулова 2003-жылдан тарта аларда каттоодо турганын билдирген. Анын туугандары Бобокулованын агрессивдүү болуп кетчү экенин, ал эми айылында жинди катары белгилүү болгонун «Москвоский комсомолец» жазып чыкты. Ошондон улам аны күйөөсү таштап кеткен. Ал эми өз айылында ага жумуш табуу оор болгон.


Россияга келгенден кийин ал өзүнүн диагнозу тууралуу эч кимге айткан эмес. Адегенде жашылчалар базасында пияз сорттоп, андан кийин базарда мөмө жемиштерди саткан. Кийинчерээк бала багуучу болуп жумушка кирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн