Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Насыя төлөөчүлөргө каралган үч айлык жеңилдик анча байкалган жок, - Мавлянова

03.06.2020 14:21
1076
Насыя төлөөчүлөргө каралган үч айлык жеңилдик анча байкалган жок, - Мавлянова


Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.  

 

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаровдун айтымында, мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешелерин 70%дан 90%га чейин бөлүштүрүүдөн республикалык бюджетке түшкөн которуулардын көлөмүн көтөрүү болуп саналат. Ал аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга болот.  

 

Депутат Махабат Мавлянова Улуттук банкты насыя төлөмүнө жеңилдик берүү үчүн карыздар тараптарга көмөк көрсөтүүгө чакырды. Төлөмгө үч айлык жеңилдик каралган менен анчалык жардам бербегенин айткан эл өкүлү жок дегенде доллардын өсүшүнөн жаралган курстук айырмачылыкка карап төлөмдөрдү кыскартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.

 

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн