Бугу 22, 2024
Убакыт: 01:57
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Насыянын тууму өспөйт! Улуттук банктын жаңы токтому

19.03.2020 13:44
1648
Насыянын тууму өспөйт! Улуттук банктын жаңы токтому


Улуттук банк коронавирус көйгөйүнө байланыштуу бизнести колдоо максатында банктарга жана финансы-кредит уюмдарына насыя акча алган жарандардын төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу талабын койду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлады.  


Маалыматка ылайык, Улуттук банк 18-мартта кабыл алган токтомунда финансы уюмдарына карата мындан башка дагы бир катар талаптарды тизмектеген:


Кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат; 


Кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат; 


Берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат; 


Кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет. 


"Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот", - деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айнура
Дай тушум банкы да гыбы