Россиянын эл артисти Наташа Королева жана анын күйөөсү Сергей Глушко (Тарзан) бизнестеринен кол жууду. Наташанын айтымында, карантинден кийин аларга таандык сулуулук салондору жана фитнес-клубдары ачылбайт.
“Биздин бизнесибиз кыйрады, эми кайгырган менен пайда жок. Коронавирус менин жашоомо глобалдык жамандыктарды алып келди деп айта албайм. Жакындарымдын баарысы эсен-аман, эч ким кайтыш болуп же ооруп калышкан жок, ушуга да шүгүр”, - деди ал “7 Дней” басылмасы менен маектешүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн