Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Натыйжа жок. Жумгалда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери уланууда

12.06.2020 09:50
1046
Натыйжа жок. Жумгалда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери уланууда


Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштеринен 11-июнда натыйжа болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөөгө 13 куткаруучу, ага кошумча жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып издөө иштери улантылган. Азырынча издөө иштеринен натыйжа болбой жатканы айтылат.

 

Бүгүн ,12-июнда издөө иштери улантылат.


Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки киши 
дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн