Ал иликтөө «Бирдиктүү Орусиядан» шайланган Томскидеги депутаттарын коррупциялык иштерине арналган:
Эске салсак, 44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага баратып, учактан эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, активист ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин аны Германияга алып кетишкен. Учурда Навальный Берлиндеги Шарите ооруканасында комада жатат. Мекеме 2-сентябрда тараткан билдирүүгө ылайык, дарылоо көпкө созулушу мүмкүн. Ошондой эле ууландыруунун кесепеттерин да эске алыш керек экени белгиленген.
Германиянын өкмөтү билдиргендей, орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын канынан нервди шал кыла турган «Новичок» тобуна кирген химиялык зат табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн