Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Назгүл Ташпаева өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Ташпаева 2018 - жылдын декабрь айында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн