Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Назира Айтбекова: “Жигиттерди жаштыгым, келбетим, энергиям тартып жаткандыр...”

30.11.2023 12:10
888
Назира Айтбекова: “Жигиттерди жаштыгым, келбетим, энергиям тартып жаткандыр...”


- Назира, биринчи суроону коомчулукта талкуу жараткан УТРКдагы көңүл ачуучу "Хайп шоу" көрсөтүүсүнөн баштайлычы. “Хайп шоунун” негизги максаты эмне? 


- УТРКдан кеткениме алты жыл болуптур. Кайра мүдүрү чалып, чакырып, “Хайп шоу” программасын сунуш кылышты. Башында кетенчиктеп жаткам, кайра ойлонуп, жаштыгым, сулуулугум бар кезде көңүл ачуучу программаларды алып барып алууну чечтим. Түркиядагы алып баруучулар 60-70 жаштагы айымдар. “Алардан кем бекенмин?” деп намыстана түштүм. Эрте эле токтолуп алуу үчүн шашып алыптырмын да. “Хайп шоу” берүүсүнүн максаты – УТРК менен интернетти байлоо. Азыркы учурда элдин көбү телевидение менен иши жок, көбүнесе телефон тиктеп калышпадыбы. Максатыбыз экранды кайнатып, рейтингин көтөрүү менен көрүүчү алып келүү жана программа аркылуу жакшы угут себүү. Интернет айдыңынын да өз эрежелери, жакшы тараптары бар. Ошол интернет желеси аркылуу таланттууларыбыз чыгып, туризм өнүгүп жатат. Болгон талантыбыз, чыгармачылыгыбыз ошол интернет желеси менен ачылууда. Алтургай мен деле жөн эле ойлорду куюлуштуруп жазып жүрүп, бир китеп чыгарып койбодумбу.


- Хайп дегендин өзү эмне?


- “Хайп” сөзү “чуу чыгаруу” дегенди туюндурат. Азыркы таанымалдар интернеттин чуусу менен таанылып жатпайбы. “Хайп шоу” чыгары менен тегерегинде чуу бүтпөй жатат. Биз ушуну каалаганбыз. Директор сунуш кылып жатканда, ага эскерткем, “мени кызматка алып жатсаңар, хайп болосуңар, чуу болот тегерегибиз. Ошого даяр тургула!” дегем. Рейтингди да жакшы көрөм. А рейтинг чуу чыгаруу аркылуу келет.


- Назира, өзүңдү кайсы кесиптин ээсимин деп ойлойсуң? Жүрөгүңө алып баруучулук, блогерлик, актрисалыктын кайсынысы жакын?


- Үчөө тең эриш-аркак. Алып баруучулукта актрисалыкты колдоном. Ар бир берүүмдө ар кандай образ жаратам. Актрисалыкта алып баруучулукту колдоном. Импровизация, сөз байлык, дикция ал жактан абдан керек болот. Заманбап жашоодо блогерсиз да болбойт. Блогерлик аркылуу акча табам. Элдин үнүн чыгарам. Коомдук ойду жаратам жана коомду ээрчитем.


- Сен ажырашкандан кийин абдан ачылдың. Көздөрүңдө нур пайда болуп, жылдызың жанды. Баштагыдан дагы атактуу болдуң. Ажырашуу сага күч-кубат, стимул бердиби?


- Жолдошум менен жашаганда болгон күчүмдү жолдошумдун атынын чыгышына, үй-бүлөгө жумшагам. Азыр энергиям өзүмө гана жумшалып жатат. Анан жалгыз бой аял болгон соң, үстүңдө жоопкерчилик көбүрөөк болот экен. Ажырашкан соң эки үйлүү, унаалуу, акчалуу болдум. Бул ажырашканды жарнамалоо эмес, жалгыз болуунун да жаман жактары көп. Кээде түйшүк оор болуп кетет. Эс алгың келет. Эркелегиң келет дегендей. Менин табиятым башкача болгондуктан, карьерада энергия алганым үчүн балким жалгыздык мага жарашып жаткандыр. Аял, эне болуу колунан келе турган кыздарды үй-бүлө курууга, бактылуу болууга чакырам, “менин жолум менен кетпегиле” дейм.


- Бир эмес эки кыз катары менен төрөп, балдарын таштанды челекке салышты. Бирөөсү пакетке салып, эшиктин алдына таштап кеткени белгилүү болду. Жигиттерден намыс, кыздардан ыйман кеттиби?


- Кеп намыс, ыйманда деле эмес го. Кеп билимсиздикте, караңгылыкта болуп жатат. Ата-эне баласына ата-эне болгонду билбейт жана балдары менен иши жок. “Эл эмне дейт?” менен катуу ооруйбуз. Бири-бирибиздин жашообузга кийлигишебиз. Ата-эне баланын сезимдери менен көбүрөөк эсептешкенде, аларга көбүрөөк колдоо көргөзгөндө башкача болмок! Жыныстык сабаттуулук керек. Кыздарга “аборт, төшөк деген эмне? Кантип коргонуу керек? Кантип зомбулуктан качып, өзүңдүн укугуңду коргой аласың?” деген темаларды жеткирүү кажет.


- Эмнеге азыр зордукталган, зордолгондор көп. Ушул максатта сен жазган маалыматтын баары чындыкпы? Айрымдар кыргыздын наркын кетириш үчүн сени бир мамлекеттин долбоорун тымызын ишке ашырып жаткан адамдай сүрөттөшөт го? 


- Тилекке каршы, миңден ашуун кат келди. Өкүнүчтүүсү, “Айтбекова бир долбоорду аткарып жатат, же буга ушул үчүн акча төлөнгөн” деген кыска ойго кептелип алышып, чындык менен коом беттешкиси келбей койгон. “Шибегени капка ката албайсың”. Үй-бүлөдө тымызын кенедей кыздар эң жакындары тарабынан кордолуп жатат! Айтбековага шылтап коюп, мындан ары да көзүңөрдү таңып, кулагыңарды жапырып жата бергиле! Далай кыздын тагдыры талкаланып, дагы далай наристени ажатканадан, таштандыдан тересиңер! 


- Аялзаты бактылуу болуш үчүн сөзсүз күйөөсү болушу керекпи, же “жаман эр менен жашаганча жайдагым жакшы” деген туурабы? Адам бактылуу экенин сезиш үчүн эмнеге маани бериши керек?


- Биздин коомдо бакытты сырттан издешет. Маселен, “эрге тийсем, бактылуу болом. Балалуу болсом, бактылуу болом, же акча тапсам, бактылуу болом” дей беришет. Бул жоопкерчиликти башкага оодаруу деп аталат. Адам өзү менен өзү беттешкенде, жараларын айыктырганда, өзүн тааныганда, өстүргөндө бактылуу болот! Адам жалгыз бактылуу боло аларына көзүм жетет. Мен жалгыз тамак жегенден ырахат алам. Атайы кымбат ресторанга жалгыз отуруп алып тамак жейм. Жалгыз сейилдейм, жалгыз уктайм. Качан гана адам жалгыздыктан бактылуу болуп, өзү толук кандуу боло алганда гана башканы бактылуу кылат.


- Сени көргөн эркектин баары эле сага кызыгуусу артат. Мунун баары өзүңдү шайыр-шатман алып жүргөндөнбү, же баары эле сенин өмүрлөшүң болууну самашабы?


- (Күлүп) Сонун суроо го! Жигиттерди жаштыгым, келбетим, энергиям тартып жатса керек. Аял аялдыгынан ырахат ала алса, жашоосун ырахаттана жашаса, эч кимден көз каранды болбосо, эркиндикке чалкыса, башкадан көз каранды болуп, же кайырчыдай эле сүйүү сурай бербесе, андай аялдын жанында болгусу келсе керек. Биздин коомдо аялды тыйып, сезимдерин чыгарганга уруксат беришпейт. Мени эч ким тыйган эмес. Комплекси жок, ачык болгонум үчүн, балким, кызык көрүнөттүрмүн.


- Кечээ жакында эле ажырашып кеткенине карабай бир зөөкүр аялынын кулак-мурдун кести. Ал эле эмес аялын кызганымыш болгон бир мыкаачы досун бычып салды. Мунун баары эркектердин психикасы бузулганбы же коомдо мыкаачылык өнүгүп баратабы?


- Бул дагы коомдун деградациясынан кабар берет. Билимсиздик, караңгылык каптап бара жатат жана бул нерсе кооптондурат. Психикасы бузулган, бактысыз, өзүн таба албай жаткан адамдар көп. Ары урунуп, бери урунуп, энергиясын эптей албай жатышат. Жандүйнө тынчтанып, өзүн бактылуу кылуусу үчүн билим, изденүү, окуу керек. Баардык суроолорго жооп жандүйнөдө жатат! Жүрөгүңөрдү тыңшагыла! Бөтөн элди тыңшоо жана аларга жагынуу менен жашабагыла!


- 20 жылдан кийин Назира Айтбекованы кандай элестетсек болот?


- 20 жылдан кийин 58 жашта болот экенмин. Энергиялуу, элге пайдалуу, абройлуу, бийик, жашоодон ырахаттанган, сулуу, жаш, бактылуу жана карьерасынын туу чокусунда болгон аялды элестетем! 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн