Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Назира Айтбекова өзүнүн кемчиликтерин тизмектеди

11.08.2021 21:44
913
Назира Айтбекова өзүнүн кемчиликтерин тизмектеди


Белгилүү киноактриса, алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн 14 кемчилигин социалдык баракчасы аркылуу тизмектеп берди.


Ал эң биринчи кемчилиги катары сөгүнөрүн белгилеген. Айтбекова бир нече кемчилигин эсептеп, алар өзүнө жеңил жана ыңгайлуу жашоо тартууларын белгилеген.


"1. Өлө сөгүнөм! (Бл... нах...төл сөзүм)

2. Башкалардын сезими мн эсептешпейм. Көп эле учурда өзүмчүлмүн. (Өлө өзүмчүлмүн!)

3. Ачуу, түз сүйлөп алам. Кагазга орогонду билбейм. Катуу тийип калабы дебейм.

4. Аябай көзөмөлдөйм , тобоо кылам, Жаратканга сыйынам, бирок болбой эле кээде текеберчилигим чыгып кетет! Бул өтө жаман адатым.

5. Уят нерселерди ачык сүйлөй берем. Муну норма катары карайм. Ар бир нерсенин өз аты бар жана бул жаратылыш деп ойлойм. Уяты жокмун. Анан ачык сүрөткө түшкөн жагат. Уялбайм анткени.

6. Өтө бийик туруп алып, жашоомо мыктыларын гана киргизем. Электен өткөрөм. Ийгиликтүүлөрдү, эмгекчилдерди, билимдүүлөрдү, көрөңгөсү барларды, позитивдерди сүйөм. Наалыгандарды жуутпайм . Баары бирдей деген нерсе жок.

7. Кайрымдуулук кыла бербейм. Ар бир адам ийгиликке жетүү, тың жашоо мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейм. Байлар - эмгекчил адамдар экенин түшүндүм. Жардам берсем да аябай аракет кылып , изденип аткан эмгекчилдерге жардам берем. Балык тутканды гана үйрөтөм! Балык кармап , бышырып, оозуна чайнап бергендерден эмесмин.

8. Жаман ороймун. Телефон мн ал - акыбал сурагандарга, таанышам дегендерге, жөн эле чалгандарга мурдум менен тийем. Тиймек түгүл ашатам. Мага иш боюнча гана чалганга уруксат. Муну жакындарым, туугандарым, досторум да билет. Шам шаркыт катышпайм эч ким мн.

9. Намыскөймүн. Кээде сезимимден дагы намысымды бийик тутам.

10. Акчанын кулу эмесмин. Мунун артыкчылыгы да бар, бирок баары бир болуп жүрө бергеним үчүн байыбайм. Мен мыкты жашоого татыктуумун ошон үчүн байыш керек. Байлык жакшы нерсе дегенди өзүмө үйрөтүшүмдү каалайм.

11. Тамак жасап, үй жыйнап, кийим тигип, токуп ж.б аялдык эч нерсем жок. Желкемдин чуңкуру көрсүн.

12. Өжөрмүн. Жолуман кайтарыш кыйын. Даканса кылганды жактырам, бирок жаккан нерсени! Жакпаганды бок таяк мн куусаң да кылбайм!

13. Ишимди баарынан жакшы көрөм. Фанатмын. Жумушум үчүн любой нерседен баш тартып кетип калышым мүмкүн.

14. Энергиясы таза адамга жабышып, мышыктай сыланып, өпкүлөй бермей адатым бар. Дистанция кармаганды билбейм. Энергиясы кир адамдан көңүлүм айныйт, башым ооруйт. Артымды карабай качам.

Карап көрүп, анализ кылсам , бул минустарым, кемчиликтерим мага тоскоолдук жаратпай, тескерисинче ыңгай алып келет экен. Бул кемчиликтерим коом үчүн кемчилик болушу ыктымал. Аларга ыңгайсыз, бирок ошол эле маалда эч кимге зыяны жок. Бирок мага жеңил , жыргап жашайм да", - дейт актриса.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Белгилуу актриса?Кинодо ойногонбу?Ютубда кееле еоруп каласын,а актрисалыгын билбейт екенбиз.