Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Асрандиев: Казакстандан ун, суу май жана буудай кирип атат (видео)

23.03.2020 14:17
610
Асрандиев: Казакстандан ун, суу май жана буудай кирип атат (видео)


Кыргызстан негизги азыктарга мамлекеттик бюджеттен  630 миллион сом кошумча бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев маалымат жыйында айтты.


“Мамлекеттик резерв тарабынан дагы кошумча буудай сатылып алынып, контрактар түзүлүп жатат. Мамлекеттик бюджеттен 630 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Соода тармактары менен жана кампа ээлери менен, өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүп, соода тармактарына жана аймактарга негизги азык түлүк запастарын жеткизүүнү күчөтүп жатабыз.

Буудай жөнүндө ун жөнүндө айтсак, биздин Ата-мекендик өндүрүүчүлөргө кошумча 800 миллион насыя жеңилдик түрдө каралган. Дагы айтып кетер элем, Өзбекстан жана Казакстандан бизге бир топ азык-түлүктөр кирет. Бүгүнкү күндө жүк ташуу боюнча чек ара ачык. Казакстан менен эң негизги эки пост ачык турат. Бул “Чоң Капка” жана “Ак Тилек” көзөмөл-өткөрүү бекеттери, ал жактан күн сайын ун, суу май жана буудайлар кирип жатат”, - деди Асрандиев.

 

Ал өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк дүкөндөр жана базарлар,  дарыканалар, ооруканлар, май куюучу жайлар, банктар, өндүрүш жана курулуш мекемелери, энергетика, коммуналдык иш каналар иштей берерин айтты. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн