Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза болду

26.07.2020 10:39
534
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза болду

Сот системасы оор жоготууга учурады. 83 жаш курагында Жогорку соттун мурдагы төрагасы, КР эмгек сиңирген юристи Бообеков Качкынбай Жетибаевич узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бообеков Качкынбай Жетибаевич 1937–жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорку соттун мүчөсү болгон.

1991-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Эгемендүү Жогорку соттун алгачкы төрагасы болуп Бообеков Качкынбай Жетибаевич эсептелет.

Ал төрагалык кылып турган мезгилде, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2002-2007-жылдары Жогорку соттун судьясы болгон. Кесипкөйлүгү жана жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ал өлкөнүн сот системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошту.

Жакындары жана туугандарынын орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Боронов К. А., Калиева Г. У., Жамшитов О.А., Жунушалиев К. А. Жаманкулов М.Т., Керезбеков К.К., Дүйшеев К.А., Асанова Н.М., Абдраев К.А., Токбаева А.А., Атаназаров Н.А., Барыктабасова Э.Б., Бакирова Н.Ж., Алыбаев А.А., Онолбеков Д. М., Калыбаев У.Ж., Алиева Г.С., Боромбаев М.И., Абылдаев А.Ж., Дуйшенбекова М.М., Кожобекова Г.Т.

Бообеков Качкынбай Жетибаевич бүгүн, 26-июлда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн