Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Немис окумуштуусу: Коронавирустун экинчи толкуну болот

08.06.2020 11:28
1222
Немис окумуштуусу: Коронавирустун экинчи толкуну болот


Германиядагы Роберт Кох институтунун президенти Лотар Вилер коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну болот, деп эскерткендигин  чет элдик ММКлар жазышты. 


Анын айтымында, калктын 60 же 70%ы ооруп бүтмөйүнчө коронавирус жайыла берет. 


«Пандемиянын шарттарында бул вирус калктын 60-70%ын каптамайынча биз менен болот. Ошондуктан коронавирустун экинчи толкуну болорун билебиз. Ал эми көпчүлүк окумуштуулар үчүнчү толкун болорун айтып жатышат», - деп билдирген ал. 


Ошондой эле Вилер социалдык аралыкты сактоо тартиби жашоонун бирден бир талабы бойдон калышы керек деген пикирде. 


Дүйнө жүзү боюнча коронавирска чалдыккан адамдардын саны 3,5 миллионду түздү, алардын ичинен 241 миң адам каза болду. 


Кыргызстан боюнча 8-июнга карата СOVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 2032 адамды түздү. Ал эми айыккандардын саны 1445 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн