Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Неврологиялык ооруларга чалдыккандар эмдөөдөн өтсө болобу?

Неврологиялык ооруларга чалдыккандар эмдөөдөн өтсө болобу?

Неврологиялык ооруларга чалдыккандар эмдөөдөн өтсө болобу? Бул суроого адис Дариха Бакаева жооп берди.


 «Жалпы алдын алуу иш-чаралары менен бирге коронавирустан эмдолуубуз керек. Эмделгенден кийин адамдын организминде бир жагынан вируска каршы антителалар пайда болуп, экинчи жагынан клеткалык иммунитетти жогорулатат», - деди Дариха Бакаева. 


Эмдөөгө кандай каршы көрсөтмөлөр бар:


 Бейтаптын анамнезиндеги оор аллергиялык реакциялар;

 Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар;

 Инсульт жана инфаркт ооруларынын курч убагы;

 Өнөкөт оорулардын кабылдоосу. Бул учурда бейтап айыккандан 2 же 4 жума өткөн соң, эмдөө сунушталат;

 Кош бойлуулук жана эчек эмизүү;

 18 жашка чейинки курак; 

Олутуу аутоиммундук өнөкөт оорулар, анын ичинде нерв системасынын жабыркашы. Мисалы: склероз, аутоиммундук энцефаломиелит, Гийена-Барре синдрому, миастения, миопатия.


 Ошондой эле прогрессивдүү дегенеративдик нерв ооруларында эмдөө сунушталбайт: амиотрофиялык склероз, Альцгеймер, Паркинсон оорулары;

Тукум куучулук, неврологиялык дегенеративдик оорулар, талма оорусу ж.б. конвульсиялар.


 Бул бейтаптар жашаган жеринде невролог дарыгерлердин козомолундо болуусу зарыл.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн