Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 12:26
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

“Никеге туруу максатында адам уурдоо” беренесин “Адам уурдоо” беренесине которуу сунушталды (фото)

14.05.2021 15:12
848
“Никеге туруу максатында адам уурдоо” беренесин “Адам уурдоо” беренесине которуу сунушталды (фото)



Бул пикирди Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары КРнын Кылмыш кодексиндеги “Никеге туруу үчүн адам уурдоо” (175-беренеси) жана “Адам уурдоо” (170-берене) беренелерин талкуулоо боюнча тегерек үстөлдө билдиришти.


“Ала качуу боюнча акыркы резонанстуу кылмыш иштери адамдын өлүмүнө алып келди. Эмне үчүн 175-беренени 170-берене менен бириктирүү керек? Эгерде кызды кимдир бирөөлөр уурдаган болсо, аны кандай максатта уурдаганын аныктоо үчүн убакыт кетип калып жатат. Алдын ала кандай максатта уурдаганын билбесең мотивин кантип аныктайсың? Кызды көчөдөн машинага салып, алып кетип атса, бул өзү адам уурдоо болуп жатпайбы? Никеге туруу үчүн уурдоо деген мотив кыздарды өлтүрүп койгонго убакыт берип коюп жатат”, - дейт Адвокаттарды окутуу борборунун жетекчиси Айжан Орозакунова.


Тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик жана Өкмөттүк аппараттан, укук коргоо органдарынан, БУУнун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.


Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно жардамдарын көрсөтүшөт. “Про боно” латын тилинен которгондо, коомдун кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт. Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн