Америка Кошма Штаттарында КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущевдун уулу Сергей Хрущев 85 жашка караган курагында каза тапкандыгын РИА “Новостиге” анын досу Гэри Пауэрс кабарлады.
Бул маалыматты РБК телеканалына Сергей Хрущевдун небереси Нина тастыктаса, маркумдун үй-бүлөлүк досу Марк Гаррисон мурдагы советтик лидердин уулу 18-июнда каза тапкандыгын билдирген.
Сергей Хрущев космостук системалар боюнча конструктор, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон.
1990-жылдары ал АКШга эмиграцияланып, 1999-жылы америкалык жарандыкты алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн