Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Николас Мадуро өзүнүн отставкасы боюнча 2022-жылы референдум өткөрүүгө даяр

25.06.2020 15:36
847
Николас Мадуро өзүнүн отставкасы боюнча 2022-жылы референдум өткөрүүгө даяр


Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзүнүн отставкасы боюнча “эгерде бул идеяны жактагандар жетиштүү кол топтошсо 2022-жылы референдум өткөрүүгө даярмын” деп билдирди.


Мадуронун бийлик мөөнөтү 2025-жылы аяктайт. “Конституцияда мөөнөттүн ортосунда референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган”, - деп баса белгиледи Н.Мадуро.


Айтымында, президент Мадуронун мандатын жокко чыгаруу боюнча референдум өткөрү үчүн кол топтоону 2022-жылдын 10-январында баштоого болот.


Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэланын президенти менен анын отставкага кетүүсүн талкуулоо үчүн гана даяр экендигин билдирген эле.


Николас Мадуро да Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө даярмын деп айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн