Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Николай Рубцов. "Белгисиз (Неизвестный)"

20.01.2022 13:43
14837
Николай Рубцов. "Белгисиз (Неизвестный)"


Николай Рубцов
БЕЛГИСИЗ
1-вариант
Чаалыккан, калган жарабай,
Там-ташсыз, ачка, оорукчан.
Кайсыл үй дебей, карабай,
Каалгасын какты жолуккан.

Ачылып, кайра жабылды.
-Ким экен?-деди үйдөн бир.
-Аралап жүргөн айылды,
-Селсаяк окшойт, жүргөн бир...

Кыш катуу, ызгаар чапкылайт,
Караңгы, шамсыз, көчө суук.
Улам бир үйдү каккылайт:
-Ууру окшойт, түрү өтө суук.

Барат ал тоңуп, түнөрүп,
Бет алды тозоң, будуң-чаң.
Үнү да бүттү түгөнүп,
Үмүт да өчтү: “жылынсам”.

Сенейди жаны үзүлүп,
Ал өлдү. Кылба тамаша.
Бурганак аят түшуурүп,
Кар жатты окуп жаназа.

Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн М. Рубцовдун ырынын оригиналын да келтире кетели.

НЕИЗВЕСТНЫЙ

Он шел против снега во мраке,
Бездомный, голодный, больной.
Он после стучался в бараки
В какой-то деревне лесной.

Его не пустили. Тупая
Какая-то бабка в упор
Сказала, к нему подступая:
-Бродяга. Наверное, вор...

Он шел. Но угрюмо и грозно
Белели снега впереди!
Он вышел на берег морозной,
Безжизненной, страшной реки!

Он вздрогнул, очнулся и снова
Забылся, качнулся вперед...
Он умер без крика, без слова,
Он знал, что в дороге умрет.

Он умер, снегами ответый...
А люди вели разговор
Все тот же, узнавши об этом:
-Бродяга. Наверное, вор.

* Рубцовдун “Белгисиз” деген ыры мына ушул куплет менен аяктайт. Мен ырдын атын “Белгисиз гений” деп атап, андан ары карай улап койдум. Эгер Николай Михайлович тирүү болгондо, балким кубанып макул болот эле деген ойдомун. Буга а-бу деп кине коюш, же автордун “макулдугусуз” өз билгенин кылган ээнбаш катары мени күнөөлөштүн өзү туура эмес болорун маданият тарыхынан кабары бар адамдар жакшы билишет. Анткени мындай мисалдар искусствонун көпчүлүк түрүндө боло келген нерсе. Гомер менен Шекспирди албаганда да, кечээки эле В. Распутиндин “Живи и помни” деген повестин окугандан кийин өзүнүн “Бетме-бетин” андан мурда жазган Чыңгыз Айтматов өкүнүү менен бармагын тиштегенин, Пушкиндин башка элдердин жомокторун, орустуку кылып кайрадан иштеп чыкканнын көргөндө далайлардын ичи ачышканын, далай композиторлордун элдик обондор менен күүлөрдү өздөрүнүн чыгармаларына өзөк кылып, гениалдуу симфонияларды жазгандарын, композитор Түгөлбай Казаковдун даанышман Кара Молдонун атактуу “Насыйкатын” иштеп чыгып, эл сүйгөн ырга айлантканын... ошондой эле таланттуу прозаигибиз Казат Акматовдун “Шахида” повестинин сюжетиндеги алгачкы бөлүмүн акындыгы да, кара сөзү да даана мыкты, көп окуган, көп билген, таланттуу Нуралы Капаров андан да ишенимдүү, андан күчтүү кылып өзүнүкүн жазып жатканын, таланттуу акын Жыргалбек Касаболотов Ли Бонун ырын окуп туруп, аныкынан да керемет өз ырын жазганын, маркум Алым Токтомушевдин “Агарган деңиз, карарган толкун” ырынын сабы атактуу Гарсиа Лорканын “Лазурная море, белые пены” дегенине үндөшүп турарын санай берсек...
Мындай фактылар өтө эле көп экендигин окурмандардын эсине сала кетким келди.

БЕЛГИСИЗ ГЕНИЙ

2-вариант
Чаалыккан, калган жарабай,
Там-ташсыз, ачка, оорукчан.
Кайсыл үй дебей, карабай,
Каалгасыз какты жолуккан.

Ачылып, кайра жабылды.
-Ким экен?-деди үйдөн бир.
-Аралап жүргөн айылды,
Селсаяк окшойт, жүргөн бир.

Кыш катуу, ызгаар чапкылайт,
Караңгы, шамсыз, көчө суук.
Улам бир үйдү каккылайт:
-Ууру окшойт, түрү өтө суук...

Барат ал тоңуп, түнөрүп,
Бет алды тозоң, будуң-чаң.
Үнү да бүттү түгөнуп,
Үмүт да өчтү: “жылынсам”.
Сенейди жаны үзүлүп,
Ал өлдү. Кылба тамаша.
Бурганак аят түшүрүп,
Кар жатты окуп жаназа.

Май уурдап сатып жүргөндөр,
Маркумду тоңгон көрүштү.
-Ким экен?-дешти билгендер,
-Ууру экен,-дешти өлүктү.

Май уурдап сатып жүргөндөр,
Мансапка жетти, байышты.
“Маладес!”- дешти билгендер,
Мактоодон дөөлөт табышты.

Жылдардын кай бир жылында,
Күндөрдүн кай бир күнундө.
Атагы кеткен кылымга,
Укмуш иш болду түнундө.

Бут батпай турду зал толо,
Буйругу менен Теңирдин.
Концертин дүйнө алкоодо,
Баягы “ууру” генийдин.

Билген жок бул эл чоң сырды,
Генийдин изин жууду кар.
Ложада өңчөй олтурду,
Өлкөсүн жеген уурулар.

Күндөр да күүсүз ташыды,
Жылдар да жылды басышты.
Уурулар дагы акыры
Мүрзөгө барып жатышты.

Уурулар, бирок кайткан жок,
Курттардын калды жеминде.
Жараткан гана айткан жок,
Эки өмүр барын генийде.

Которгон Шайлообек Дүйшеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн