Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ниязалиев Бишкекте аккредитацияланган эл аралык уюмдардын башчылары менен жыйын өткөрдү

02.08.2022 09:18
369
Ниязалиев Бишкекте аккредитацияланган эл аралык уюмдардын башчылары менен жыйын өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик дипломаттарга 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна болгон даярдыктар жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.


Дипломатиялык корпустун алдында сүйлөгөн сөзүндө Ниязалиев Чолпон-Ата саммити аймакта ишенимдин, тынчтыктын жана бакубатчылыктын зонасын түзүүгө региондун мамлекеттеринин бекем умтулуусун ачык-айкын ырастаганын билдирди. Ал аймактын бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоодо, региондун өлкөлөрүнүн жана элдеринин өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууда мамлекет башчыларынын тарыхый миссиясы жөнүндөгү КР президенти С.Жапаровдун билдирүүсү болуп өткөн Борбор Азия саммитинин маңызын түзгөнүн айтты.


Чолпон-Ата Консультативдик жолугушуусу Борбордук Азия лидерлеринин аймактык коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, экология жаатында кызматташуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча байланыштарды мындан ары бекемдөөгө жалпы умтулуусун көрсөттү. Аймакта жашаган элдердин маданий мурастарын жана каада-салттарын сактоо, бирдиктүү маданий-тарыхый мейкиндикти, ошондой эле жаратмандык баалуулуктарды жана элдердин аймактык биримдигин калыптандыруу боюнча аракеттерди координациялоонун өзгөчө маанилүүлүгү белгиленди.


Н.Ниязалиев белгилегендей, өткөн Чолпон-Ата саммити мааниси жагынан да, мазмуну боюнча да, кабыл алынган документтери боюнча да Борбордук Азиянын турмушунда чындап эле тарыхый окуя болуп калды.


Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлинде биринчи жолу аймактагы практикалык кызматташуу боюнча концептуалдык документтер: 2022-2024-жылдарга карата аймактык кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы, Борбордук Азия үчүн «Жашыл күн тартиби» регионалдык программасы, Көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы жактырылды, ошондой эле XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында Достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Ошондой эле КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттери аймактык актуалдуу маселелерди чечүүдө Борбордук Азия мамлекеттеринин өздөрүнүн негизги ролун баса белгилеп, региондо бекем тынчтыкты камсыз кылуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өз күч-аракеттерин бириктирүүгө макулдашканына көңүл бурду.


Н.Ниязалиев геосаясий туруксуздуктун жана жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын пайда болушунун шартында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Атадагы Консультативдик жолугушуусу региондун тарыхында бурулуш окуя болуп, аймактык кызматташтыкта жаңы барак ачып, дүйнөлүк аренада биргеликте кыйынчылыктарды жеңүүгө, күч-аракеттерди бириктирүүгө жана жалпы кызыкчылыктарды коргоого даяр экендигин ачык-айкын ырастагандыгын баса белгиледи.


Брифингге катышкан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү саммиттин ийгиликтүү өтүшү менен кыргыз тарапты куттуктап, Борбордук Азияда аймактык кызматташуу маселелерине кызыгууларын билдиришти.


Учурдан пайдаланып, министрдин биринчи орун басары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысын жана брифингге катышкан ЕККУга мүчө мамлекеттердин дипломаттарын ЕККУнун Корутунду актысына кол коюунун кезектеги жылдыгы менен куттуктады.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн