Дүйнөдө сыйлыктардын төрөсү, престиждүүсү, атактуусу бул – Нобель сыйлыгы. Адамзат суктанган, кыялданган бул сыйлыктын “атасы” Альфред Нобель өзү – турмушта жардыргыч динамитти ойлоп тапкан эмеспи. Албетте бул илим. Ошентсе да ал өлөөрүндө “менин бул эмгегим зордук-зомбулукту даңазалап, жайылткан катары каралбаса экен” деп, ошого кабатырланып, кейип-кепчип кеткен экен… Кызыгы, Альфреддин бир тууганы Людвиг Нобель каза болсо журналисттер Альфред Нобель өзү көз жумган экен деп каңырыш угушат да: “Ажал саткыч каза болду” деген тема менен гезиттерге шашылыш макала-некролог жарыялап жиберишет. Өзү тууралуу ушундай терс некрологду окуп “мен адамзат көзүнө мындай кара санатай, жаман ат менен калгым келбейт!” деп бир улуу мурас калтырып кетүүнү биротоло ойлонгон экен. Аны ансыз да каршылаштары түрлүү прессада: «король убийств», «канга чыланган миллионер», «жардыргыч ажалдын алып сатары» дешип каралап келишкен эле. Болбосо А.Нобель согушту жек көрүп: “Согуш – бул каргашанын каргашасы, колдон келсе бир укмуш күчтүү нерсе ойлоп таап, ошо менен согуш аттууну болтургус кылса...” деп каалоосун билдирип келген эле. Ошентип 1895-жылдын күзүндө Париждеги Швед-Норвегия клубунда олтуруп дүйнөдө эч кимде кездеше элек амбициялуу мурасын жазат. Ал кезде Альфред Нобель жүзгө чукул заводдун жана ченебеген акчалай байлыктын ээси болгон. Ошондон бир жыл өтүп атактуу Нобель көз жумат. Атааңгөрү, каршылаш тагдырды кара, жашоосунда ал эч качан үй-бүлө күтпөптүр жана артында бир да туяк калбаптыр! Арадан үч жыл өткөн соң, 1901-жылы, А.Нобелдин мурасы аткарыла баштайт: Нобель сыйлыгы эң биринчилерден болуп физика тармагына, немис элинин уулу Вильгельм Рентгенге ыйгарылат. Быйыл 2020-жыл, пандемия чыгып, көбүбүз ошол эң биринчи нобельчинин рентгенине көп түштүк окшойт…
Тарыхтын жүрүшү кызык. Андагы тагдырлар кызык. Адамзат эмгеги ченегис, баа жеткис. Убакыт учкул. Өмүрлөр “бат өткүч”, адамзат “бат ооруп, бат өлгүч”. Закымдар кармалбайт. Максаттар улам качып карматпайт… Кыялдар бүтпөйт. Жазуулар сымап болуп жорголойт, колго, ойго илинбейт. Сөздөр келет чебирткедей чырылдап, секирет, булт деп качат. Күндө уйкудан туруп Суроо келет, күндө уйку менен кошо Суроо үргүлөйт: “Эй, максат барбы сенде!? деген, “Эй, сенин көлөкөңөн бөлөк жарыгың барбы!?” деген, бырыксып чаң калбай деги из калабы?! деген артыңдан, а дүйнөгө ансыз барарсың, бу дүйнөдө бир “А” деп койоор кеп барбы деген, “дей” аласыңбы деги? бир ирет агымга каршы келе аласыңбы? деги… Бул суроолор маган анан саган, дос!
Мага эч бир фамилия маанилүү эмес. Бирок досун жана мекенин сатпаган фамилия болсун, кимиси болсо да…
Бизде жакшы профессионалдар, жакшы адамдар, мыкты таланттуулар бар бирок мыкты коом жок. Элитасы ээрчитип, аксакалын алдыга коюп, уй мүйүз тартып бириккен коом түзүлө элек. Баары бар өнүккөнгө, баары турат бирок күчтүү бийлик жок. Күчтүүлөр бар, тапталган, калыптанган бирок ЛИДЕР калыптана элек болуп жатат…! Эл бар колу куру эмес бирок Шерибиз чыкпай туру биз тилеген.
Бизге, кызматка саат канчада келип канчада кеткенин аңдыган эмес күнүнө канча “жумуртка басканын” сураган лидер керек.
Бизде - коом алдыда, а бийлик артта. Ошол үчүн ортодо ажырым чыгат. Ошол үчүн кыйындар чыкпайт арадан. Ошол үчүн мыктылар бааланбайт, ордун таппайт. Ошол үчүн буттан тартат бир-бирин.
Акын Евтушенко от чачып суйлөп тур: “Мен өлсөм бир азга эле өлөм, анан, бат эле кайтып келемин…” деп. Мен үчүн улуу акындар же таланттар эле эмес далай жакындарым кайрадан жашаш үчүн “кайтып келүүдө”… Өзүмдүн атам дагы. Демек алар өрнөктүү өмүр сүрүшкөн, өлбөстөй эмгек этишкен… Сен да кайтып келчү бол, бизден кетсең…!
Биз эки ыңкылапта тең ак үйдү “көңтөргөн” жокпуз, болгону укугубузду, намысыбызды, эркиндигибизди БЕР! дедик. Эми да ал эркиндигибизди ким талашса же кол салса кайрадан сурап барышат!
Жашоо жаман, калыссыз үчүн адабият күчтүү, мыкты болушу керек. Жашоо таш боор, каардуу болгон үчүн адабият аны сындап аруулаш керек. Жашоо жалган болгон үчүн адабият Чын болууга тийиш.
Америкада жашайсыңбы же Алайдабы, Токио же Шанхайдабы, Москва же Парижби өзүң өзгөрбөсөң сени эч нерсе өзгөртпөйт. Андыктан жашаган ордубузда, “Асанбайда”, же “Кызыл Аскер” же Ысык-Көлдө олтуруп өзгөрсөк болот... Ал үчүн дем алганга аба керек, бутуң басып турганга жер керек, ичкениңе суу керек, анан ден соолук керек, болду эй! Калганын алар бербейт сен аласың… Жерде мээ жок көмүлгөн аны сен табасың, сен казасың, башка жер же башкалар эмес!
Оорунун (ковиддин) эмдөөсү табылаар бирок саткынчылыкка эмдөө барбы? Акчанын үймөгүндө, бийликтин чокусунда, ууга чыккан жардын кырында ошол кесел кайрылып, ичи тарып, кайрадан кармап турат - саткынчылык!
Аман бол… Жарыгың тийбесе да жамандыгың тийбесин.
Кечинде добул болду. Жер сабап жамгыр төктү. Карс этип талдар сынды. Өзүм үшүп келдим да, балконго чыктым. Кимдер жолдо? Кимдер үшүп бу жаанда суу болду экен? Мейли бу Женевада, же аркы Шотландия же Фин жеринде, же менин Кош-Дөбөмдө, же Бишкекте? Мен тааныган же тааныбаган… Жолубуз балким бир келген же өмүрү кез келбеген ким бирөөлөр нөшөргө калды бекен? Же жайлоодо кыргыздын же Альп тоолордун ичинде? Мүнөзүчү, өңүчү, жүрөгүчү, алардын? Кызык, алар кимдер десең? Эмнегедир катуу добул жакындарды эске салат, эстетет, ойлотот, сызылып кайдан-жайдан санааларды ээрчитет. Эмне болду экен дейсиң го, жакыныңды, бир тууганды, таанышыңды же тээтигинде шөмтүрөп, калдаңдаган бирөөнү. Эч качан тааныбаган, билбеген. Биз кимге күйөбүз десең, менчи же магачы? Жакынбы алыс кимдерге санаа тарта алам десең, а сенчи? Капитализмби, же башка ..измби, океан ары жагыбы же бер жагыбы, эмне айырма? Адамдарда санаа, жүрөк болсун. Жыгылса тургузсун, ооруса сурап, ыйласа сооротсун… адамдар ошентип табышат, адамдар ошентип биригет, тагдыр ошентип жаралат, сүйүү ошентип келет, эргүү ошентип чыгат, эрдикке ошентип барат, адамдар. Тарыхка ошентип калат адамдар… Улуу сөз экен демек: “Ойлодум, санаа тарттым, ЖАКШЫБЫ?!” деген.
Жеңишбек Эдигеев
Пикирлер (1)