Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нодирбек Каримов 2015-жылы Өзгөн шаарына мэр болуп турганда жерлерди мыйзамсыз саткан

09.03.2022 16:12
626
Нодирбек Каримов 2015-жылы Өзгөн шаарына мэр болуп турганда жерлерди мыйзамсыз саткан

Ош областынын Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүдө, Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 м2 жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.


Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан К.Н.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. 


Учурда кылмыш иш сотто каралууда.


Ал эми, райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн