Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокат райондук электр тармактарынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

04.03.2022 18:43
825
Ноокат райондук электр тармактарынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды


Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И. кармалды.


Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында “Ошэлектр” ААК мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Азыркы тапта, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн