Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ноокат районунда 120 орундуу жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

27.11.2023 15:35
269
Ноокат районунда 120 орундуу жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди


Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Аталган объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Бала бакчанын имараты 2 блоктон турат, жалпы аянты 1281,6 чарчы метрин түзөт.

Долбоорго ылайык, бакчада балдар үчүн уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык бөлмө, гимнастика менен машыгуу залы, дарылоо кабинети каралган.

Бүгүнкү күндө эмерек жана техникалык жабдуулары толук орнотулуп, курулуш-монтаждоо жумуштары толугу менен бүткөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн