Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокат жана Кара-Суу райондорунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди (фото)

07.04.2020 15:50
1194
Ноокат жана Кара-Суу райондорунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди (фото)

 

Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу районунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылып берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокатта жардамга муктаж 180 үй-бүлөгө 133 000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлгөн. Ал эми, Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылдык аймагында аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 70 мүшөк ун таратылганы айтылат.

Маалыматка таянсак, кайрымдуулук менен бирге райондордун баш имам хатибдери мыйзамды сактоого, коронавирус илдетинен кутулуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эскертүүлөрүн аткарууга жана үйдө болууга чакырышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн