Ноокат районунда өзгөчө кырдаал абалы киргизилиши керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, министрликтин билдирүүлөрүнөн кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал кабыл алынат.
"Учурда Сузак районундагыдай эле абал киргизилип, чаралар көрүлүп башташы керек", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн