Ош облусунда бүтүрүүчүлөр арасында өткөн "Алтын тамга" артыкчылыктуу аттестатынын тесттик сыноосунун жыйынтыгында Ноокат районунун 12 окуучусу жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мырзабек Жусупов билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул
жылы сынакка катышкан окуучулардын жалпы жыйынтыктары жаңы тартип менен өттү. Анда
Ноокат билимканасы лицейинен 10 окуучу, ал эми М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын
жатак гимназиясынан бир, А.Парпиев атындагы гимназиясынан бир бүтүрүүчү
"Алтын тамга" атестатынын жеңүүчүсү болду.
Жалпысынан "Алтын тамга" өзгөчөлөнгөн артыкчылыктуу аттестатын алууга район боюнча 51 бүтүрүүчү талапкер болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн