Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ноокатта 2020-2021-окуу жылына карата даярдоо иштери каралды

01.07.2020 09:06
1843
Ноокатта 2020-2021-окуу жылына карата даярдоо иштери каралды



Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн директорлорунун кезектеги кеңешмеси кечээ, 30-июнда онлайн тартибинде өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Осмонали Көчкөнбаев билдирди.


Анын маалыматына караганда, кеңешмеде эң негизги маселе катары билим берүү мекемелеринин 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы, 2020-2021-окуу жылына карата даярдоо иштери каралды.


Анда Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгында Ноокат району облуста алдыңкы орунда бара жаткандыгын белгиледи. Эң негизгиси облуста өткөн “Жыл мугалими-2020” кароо сынагында Ноокат районундагы Кеңеш орто мектебинин мугалими Айтмамат кызы Нуркыз биринчи орунду, «Жылдын мыкты мектеби-2020» кароо сынагында Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектеби баш байгени алып, «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн артыкчылыктуу аттестатын облуста 14 окуучу алса, анын 12 окуучусу Ноокат районунун бүтүрүүчүлөрү экендигин белгиледи.


Ош билим берүү институту тарабынан өткөн «Мыкты санарип жетекчи», «Мыкты санарип мугалим» кароо сынактарында да Ноокат районунун мугалимдери жеңүүчу болгондугун белгилеп өттү.

 

Асанбаев окуу жылдын акыркы чейрегинде кырдаалга жараша болгон аралыктан окутууда дагы Ноокат районунун мугалимдери колунда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып өткөндүгүн белгилеп, жаңы окуу жылына карата даярдыкты азыртан жүргүзүү менен, эгер кырдаал турукташып калган учурда дагы бул кошумча билим берүү булагы катары колго алынуусу зарыл экендигин билдирди.

 

Ал эми жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелерин даярдоо өнөктүгүн бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо жүргүзүү керектигин жана билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына карата даярдоо өнөктүгүн өткөрүүгө коомчулукту дагы тартуу зарылдыгын билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн