Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ноокатта 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан табылды

Ноокатта 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан табылды


Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 23-майда Ноокат районунун Алашан айылынын 38 жаштагы С.И. аттуу тургуну өзүнүн 21 жаштагы Б.у.А. аттуу иниси 21-май күнү “Дэу-Лачетти” унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен райондук милицияга кайрылган.

Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жигиттин унаасы Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан “Ака-Үка” чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Кароо жүргүзүү учурунда унаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б.у.А. аттуу жигиттин сөөгү табылган. Сөөктү сырттан кароо жүргүзүү учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тергөө иштеринин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айылынын 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн