Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ноокатта 28 жаштагы айдоочу турак үйдү сүзүп, окуя болгон жерде мерт кетти

15.08.2020 10:38
1196
Ноокатта 28 жаштагы айдоочу турак үйдү сүзүп, окуя болгон жерде мерт кетти

 

Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында унаанын рулун башкара албай калган айдоочу турак үйдү сүзүп, окуя болгон жерде көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя 13-август күнү саат 18:30 чамасында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында болгон. Анда 1992-жылы туулган тургун өзүнүн ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, турак үйдү сүзүп токтогон.


Натыйжада жол кырсыгынан айдоочу каза болгон. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 1996-жылы туулган жаран Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн