Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 07:30
USD
85.65
86.15
EUR
92.40
93.40
RUB
0.875
0.915

Ноокатта 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди

31.10.2024 12:58
29
Ноокатта 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди


Ош облусунун Ноокат районунда бүгүн, 31- октябрда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев жана жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Ноокат шаарын аралап өткөн Ош - Баткен - Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт.

Курулуш иштеринде 50гө жакын атайын техника иш алып барды.

Белгилей кетсек, Кыркол-Сай көпүрөсүнүн реконсрукция иштери 80 пайызга аяктап, 10-ноябрга чейин ишке берилсе, 43 чакырымды түзгөн Чили-Сай көпүрөсү менен 63 чакырым узундуктагы Абшыр-Сай көпүрөлөрү толугу менен жасалып бүттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн