Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ноокатта 63 жана 62 жаштагы жубайлар 9 жаштагы небереси менен иске ууланып каза болду

24.02.2022 10:41
971
Ноокатта 63 жана 62 жаштагы жубайлар 9 жаштагы небереси менен иске ууланып каза болду

 Ноокат районунда үч киши өздөрү жашаган үйдө иске ууланып көз жумду. Окуя 21-февралга караган түнү Көк-Бел айылында болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлап, алар ошол кыштактын тургундары экенин билдиришти.


Алардын сөөгү эки күн үйдө жатып калган. 22-февралда саат 21:00 чамасында милицияга белгилүү болгон.


Көз жумгандардын бири 63 жаштагы эркек, экинчиси 62 жаштагы аял, үчүнчүсү 9 жаштагы бала.


Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеген. Каза болгондордун жакындары сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, маркумдардын өлүмү боюнча эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн