Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ноокатта 7 жаштагы өспүрүмдү урган жаранга карата иш козголду

28.01.2023 09:00
302
Ноокатта 7 жаштагы өспүрүмдү урган жаранга карата иш козголду

Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


 Маалым болгондой, 2023-жылдын 27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган. Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлгөн. Тактап айтканда окуя кайсы жерде болгондугу жана жаш баланы уруп жаткан ким экендиги такталып, маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.


2023-жылдын 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Умиров участкасынын тургуну 7 жаштагы М.А.ны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну 30 жаштагы О. уулу Т. уруп, денесине жараат келтирген. Жаш өспүрүмгө карата соттук- медициналык экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө . Текшерүү иштери Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.  





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн