Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта 71 млн сомго жаңы мектеп курулушу башталды (фото)

09.06.2020 15:06
1244
Ноокатта 71 млн сомго жаңы мектеп курулушу башталды (фото)



Бүгүн, 9-июнда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылында жайгашкан Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин курулуш ишин баштоо үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн билдирди.



Алардын маалыматына караганда, ага Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат райондук мамлекеттик адмтнистрациясынын башчысы Давранбек Маматалиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев, айыл аксакалдары жана мугалимдер катышты.



Зулпукаров мектептин курулуш ишинин башталышын шайлоодо добуш алуу үчүн эмес, элдин көйгөйүн жана балдардын жаркын келечеги үчүн жасалып жаткан аракет катары баалоо керектигин айтты.



Сауд Арабия мамлекетинин каржылоосу менен республикада 27 мектептин курулуш иштери башталып жатат, алардын катарында бул мектеп да бар”, - деди депутат.



Аким Давранбек Маматалиев учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалга карабастан өкмөт тарабынан элдин социалдык жашоо шартын жакшыртуу үчүн мүмкүн болгон бардык жумуш болуп жатат, ага бүгүнкү мектептин курулушу күбө болот, деди.



Мектептин жалпы сметалык баасы 71 млн 210 миң сомду түзөт.

 

Маалыматта кошумчалангандай, Борко айылында 190 орундуу мектепте 600дөн ашуун окуучу билим алып жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн