Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта аралыктан окуу көркөм сүрөт мектебинин окуучулары үчүн өзгөчө өтүп жатат (фото)

14.04.2020 15:26
2046
Ноокатта аралыктан окуу көркөм сүрөт мектебинин окуучулары үчүн өзгөчө өтүп жатат (фото)


Дистанттык формада билим алуу Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп интернатынын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн дагы өзгөчө болууда. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.


Ал көркөм сүрөт мектеп интернатынын директору Ыса Алимбековдон алган маалыматка таянып, дистанттык билим алуу көркөм сүрөт мектеп интернатынын окуучулары үчүн дагы, алардын ата-энелери үчүн дагы кызыктуу жагдайларды жаратып жаткандыгын билдирди.


Анда мектептин окуучулары натурадан адамдын портретин тартуу боюнча тапшырмага буга чейин мектепте каалаган гана мектеп окуучуларын отургузуп тартылып жаткан болсо, эми мында аралыктан билим берүү болуп жаткандыктан ата-энелерин, бир туугандарын маңдайына отургузуп, алардын сүрөтүн тартууга туура келип жаткандыгын, бул кыйынчылыкты эмес, тескерисинче бала үчүн ата-энесинин, бир туугандарынын сүрөтүн тартууга, ал эми ата-эне үчүн баласынын талантын жакындан билүүгө шарт түзгөндүгүн билдирди.  

 

Биз үчүн дистанттык билим берүү башка катардагы билим берүүчү мектептерге караганда бир топ өзгөчө жана мугалимдерден зор изденүүнү талап кылат. Анткени биздеги балдар сүрөт, скульптура жана живопись багытында билим алышкандыктан ал багытты дагы унутпастан, окуучуларыбызга мүмкүн болушунча жеңил жана жөнөкөй тапшырмаларды берип жатабыз”, - деди мектеп директору Ыса Алимбеков.

 

Сүрөт, скульптура, живопись көркөм сүрөт мектеп интернатында 120 окуучуга 24 мугалим билим берүүдө. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асанова Майрамкан
Албетте дистанттык окуу бир тараптан окуучу жана мугалимдер учун да жаны мумкунчулуктөрду жаратып берип жатат,чындыгында тузулгөн кырдаалга жараша өз ишин уюштура билген ар тараптуу интеграцияланган иш билги инсанды калыптандыруу учурдагы билим беруу тармагынын кечиктирилгис милдетине айланды.Мугалимдердин ишмердигине ийгилик!