Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ноокатта бала сабалган жер диний окуу жай катары катталган эмес. Муфтият жалган маалымат таратпоого чакырды

22.02.2023 08:48
195
Ноокатта бала сабалган жер диний окуу жай катары катталган эмес. Муфтият жалган маалымат таратпоого чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе муфтияттын карамагында жок.

"Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн