Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта билим берүү кызматкерлерине жардам көрсөтүлдү (фото)

04.05.2020 09:37
1211
Ноокатта билим берүү кызматкерлерине жардам көрсөтүлдү (фото)



Ош облусунун Ноокат районунда Бир өлкө, бир үй-бүлө аталышындагы ураандын астында билим берүү мекемелериндеги социалдык жактан аз камсыз болгон кызматкерлерине колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.


Анын маалыматы боюнча, Ноокат районунун аймагындагы мектепке чейинки жана жалпы мектептерде иштеген аз камсыз болгон мугалимдерине Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун атынан 3000 даана жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылынын тургуну, жеке ишкер Тариел Каримовдун демөөрчүлүгү менен 2000 даана, жалпысынан 5000 даана социалдык пакет таратылып берилди.

 

Бул иш-чара биринчиден орозонун урматына, учурдагы түзүлгөн кырдаалда мугалимдерге моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында уюштурулду.


Өз сөзүндө Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Жаңыбаев мындай колдоолор, айрыкча ушул учурдагы колдоорлор учурдагы дистанттык окутууну уюштуруп жаткан билим берүү кызматкерлери үчун шыктандырып, аларга дем берээрин билдирди.

 

Маалымат катары, учурда 52 миңден ашуун окуучуга 4 миңден ашуун мугалим кырдаалга байланыштуу аралыктан билим берип жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн