Ноокатта дагы 2 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды. Алар 1960-жылы туулган аял жана эркек киши.
Алар да кичи хаджадан келгендер.
Буга чейин аталган илдетке кабылгандар жалпысынан 14 адам болчу.
Анда Сузак районунда сегиз адам, Ноокатта үч киши, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Эми бардыгы - 16 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн