Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ноокатта эки жеңил унаа кагылышып, 2 адам жабыркады

Ноокатта эки жеңил унаа кагылышып, 2 адам жабыркады

Ош облусунун Ноокат районунда Көк-Бел айылында Лексус унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, кырсык 12-октябрда саат 21:00 чамасында болгон. Анда Көк-Бел айылынын 1992-жылы туулган тургуну Лексус ЛХ 450 үлгүсүндөгү унаасы менен Көк-Бел айылынан Ноокат шаарына бара жатып, Чеч-Дөбө айылында каршы багытта токтоп турган Хундай Аванте унаасы менен сүзүшкөн.


Аны 27 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен "Хундай Аванте" унаасынын жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган.


Ал эми "Лексустан" 2 жүргүнчү ооруканага кайрылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн