Ноокат районунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясы менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен
иш-мерчеминин негизинде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Коронавирус жугуштуу илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык
кырдаалды жөнгө салуу боюнча коомдук жайларда, эл көп топтолуучу жана эс алуучу
туристтик аймактарда, сууга түшүүчү жайларда, коомдук тартипти, жарандардын
коопсуздугун жана социалдык аралыкты сактоо боюнча эскертүүчү тактайчалар жана
жарнамалар илинүүдө.
Ишке бөлүштүрүүнүн алдында Ноокат РИИБдин участкалык милицияларына жана жашы жете электер боюнча милициянын инспекторлоруна жарандар менен сылык мамиледе болуусу жана ар кандай пикир келиспештиктердин алдын алуу максатында кошумча нускамалар берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн