Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 10:13
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Тельман – Кара-Кой ички жолу жабылды

23.07.2024 18:01
411
Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Тельман – Кара-Кой ички жолу жабылды


Бүгүн, саат 17:15 чамасында Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман – Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн