Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ноокатта кыш чыгаруучу завод жана 160 орундуу тигүү цехи ачылды

08.06.2022 08:53
1131
Ноокатта кыш чыгаруучу завод жана 160 орундуу тигүү цехи ачылды


Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө ички инвестор тарабынан жаңы тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, 160 жумушчу орун түзүлгөн тигүү цехи үчүн айыл өкмөтү тарабынан имарат бөлүнүп берилди.


Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Тигүү цехинде даярдалган продукция Россия Федерациясына экспорттолот.


Ошондой эле Көк-Жар айыл өкмөтүндө жаңы кыш чыгаруучу завод ишин баштады. 45 жумуш орундуу заводко айыл өкмөт тарабынан 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Ош облусунун башчысы күнүнө 20 миң кыш чыгарган заводтун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда Ош облусунда инвесторлор жана ишкерлерди колдоо жүрүп жактанын билдирди


“Ош облусунун жеңил өнөр жай тармагын алдыга жылдыруу үчүн көптөгөн жумуштарды алып барып жатабыз. Биз облустун аймагында жеңил өнөр жай ишканасын ачам деген инвесторлорго шарттарды түзүп берип келүүдөбүз жана мындан ары да колдоого алабыз. Ошондуктан Ош облусунда инвесторлорго ишкана ачууну сунуштайм. Биз ишкерлердин жана инвесторлордун укугун 100% колдоп, алар үчүн шарт түзүп беребиз деп кепилдик бере алам”,-деди Зиядин Жамалдинов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн