Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:59
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Ноокатта мал уурдап, тай акесине саткан жаран кармалды

15.06.2020 13:02
1097
Ноокатта мал уурдап, тай акесине саткан жаран кармалды


Ноокат районундагы Ынтымак айылынын тургуну 37 жаштагы А. А. мал уурулукка шектелип кармалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-майында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын тургуну 58 жаштагы Э.А. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн короосундагы мал сарайынын алдында байланып турган эки баш малын белгисиз атуулдар уурдап кеткенин көрсөткөн.


Аталган факты боюнча Ноокат РИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 200-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, атайын тергөө тобу түзүлгөн. Тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иштер жүрүп жаткан учурда Ынтымак айыл аймагынан А. А. аттуу 37 жаштагы жаран кармалды.


Алынган маалыматтар боюнча, ал бир баш жылкы жана бир баш малды тай акеси, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну, мал базарларда алып сатуучу болуп иштеген 51 жаштагы Ж.К. саткандыгы аныкталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн