2-май күнү Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылында аталган айыл аймактын мурдагы башчысы 10 жаштагы баланы кокустан атып алган. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.
Маалым болгондой, ок баланын көкүрөк тушуна кирген. Аны атып алган жаран дароо аны ооруканага жеткирген.
Балага операция жасалган. Азыр анын абалы кандай экени белгисиз.
Ал эми жергиликтүү милиция кызматкерлери аталган окуя боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн