Ноокат районунда ооругандар көбөйүп, элди бир топ тынчсыздандырып жатат, деп маалымдады Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан.
Анын айтуусунда, эл биригип акча чогултуп, айылдык ооруканалардын потенциалын жогорулатуу иштери активдүү жүрүп жатат.
“Кулатов айыл өкмөтүндө жарандык топтун өкүлдөрү, медиктер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен, эл чогулткан акчаны кайсы багытка жумшаса элге жардамы тие турганын талкууладык”, - деп жазды депутат.
Ал кошумчалагандай, аз күндө эле эл 2 млн сом чогулткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн