Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта өзгөчө кырдаал жарыяланды

20.03.2020 10:57
1058
Ноокатта өзгөчө кырдаал жарыяланды


Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Өзгөчө кырдаал 20-мартта саат 10:00дөн баштап кабыл алынды. Ага ылайык, Ноокат районунун айылдарында блок-посттор орнотулат. 


Укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.  


ИИМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришкендей, посттор Зулпуев айыл өкмөтүнө, Көк-Жар айыл өкмөтүнө, Ноокат шаарына жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө орнотулду. 


Блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн