Теке 03, 2024
Убакыт: 11:55
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 667 кызматкер жана 61 техника тартылды

01.07.2024 13:41
86
Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 667 кызматкер жана 61 техника тартылды


Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 667 кызматкер жана 61 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлга карата Ноокат районунун Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине, ошондой эле Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө ӨКМден 174 куткаруучу, 14 техника (6 самосвал, 4 экскаватор, 3 тралл, 1 кран) тартылды.

Мындан тышкары, Жарандык коргонуу кызматтарынан 143 кызматкер, 23 техника жергиликтүү тургундардан 350 адам, айыл аймактан 24 техника тартылган.

Жалпы 667 адам 61 техника менен селдин кесепеттерин жоюу ишин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы бир адамды издөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн