Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:50
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Ноокатта тестирлөө өтө турган мектептер дезинфекцияланды (фото)

23.06.2020 12:36
913
Ноокатта тестирлөө өтө турган мектептер дезинфекцияланды (фото)


Ноокат районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө жүрө турган мектептер Санэпидемстанциялык көзөмөл борбору тарабынан толук дезинфекциялоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мырзабек Жусупов билдирди.


Анын маалыматына караганда, тестирлөө А.Беруний, А.Абдувоитов атындагы орто мектептеринде, Көк-Жар инновациялык мектеп гимназиясында жүргүзүлөт.


Окуучулар үчүн бардык шарттар эске алынып, алар отура турган жайлар, кол каптар, антисептиктер алдын ала алынып даярдалды. Жалпысынан 1300дөн ашуун окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүгө катталышкан.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн