Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ноокатта үрөй учурган кылмыш: 81 жаштагы пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

27.04.2023 15:12
671
Ноокатта үрөй учурган кылмыш: 81 жаштагы пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Ноокатта белгисиз жарандар пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ак-Булак айылында күйүп кеткен үйдүн жер төлөөсүнөн кемпирдин сөөгү табылган.

Жерине келген ыкчам-иликтөө тобу каза болгон жарандын өздүгүн аныктап, ал Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну экендигин тактаган. Ал киши колдуу болгон.

Учурда маркумдун эмнеден улам каза болгондугун аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралууда.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн